БАУ 2016-2017 окуу жылына алгачкы студенттерди кабыл алуу кампаниясын жарыялайт

Date: 18 February 2016
Борбордук Азия Университети регион боюнча шаар жана айыл жергесиндеги мектептердин талаптарга жооп берген бүтүрүүчүлөрүн бакалавриат программасына тапшырууга чакырат. БАУ –кампуста жашап, окууну сунуштаган Борбордук Азиядагы биринчи жогорку окуу жайы. БАУ атайын гранттар жана студенттер үчүн окуу акысын төлөөдө жеңилдетүүлөр аркылу эл аралык деңгээлдеги жогорку билимдин жеткиликтүүлугүн камсыз кылат. 
 
Университеттин биринчи кампусу 2016-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Нарын шаарында ачылат. Бакалавриат программасы боюнча окуган студенттер беш жыл окушат, биринчи окуу жылында, даярдоо программасынын алкагында, студенттер БАУ сунуштаган эл аралык денгээлдеги жогорку билим алуу үчүн даярдык көрүшөт. Андан соң, эки жыл бою Түндүк Американын либералдык илимдер боюнча программасынын негизинде иштелип чыккан окуу программасынын алкагында жалпы билим алышат. Бакалавриат программасы боюнча акыркы эки жыл ичинде «Компьютер илими» жана «Коммуникация жана ММК» боюнча негизги багыттарга басым жасалат. Экинчи кампус 2017-жылдын сентябрь айында Тажикстандын Хорог шаарында ачылат. Бул кампуста «Экономика» жана «Жер жана айлана-чөйрө илимдери» боюнча адистиктер сунушталат. 
 
Учурдагы кабыл алуу, Нарын жана Хорог шаарларындагы кампустар сунуштаган адистиктер боюнча билим алууну каалаган абитуриенттер үчүн жүргүзүлөт. Тажикстандагы кампуста окутула турган негизги багыттарга тапшырган абитуриенттер 2017-жылы Хорог шаарына которулат. Казакстандын Текели шаарындагы кампустун ачылышы 2019-жылы күтүлүүдө. Бул кампуста «Инженердик илимдер» жана «Бизнес жана башкаруу» адистиктери сунушталат. Аталган үч кампустун долбоору эл аралык сыйлыктардын лауреаты жапон архитектору Арата Исозаки тарабынан иштелип чыккан. Кампустар табияты көркөм тоолу аймактарда жайгашкан. 
 
Англис тилинде окутула турган БАУнун бакалавриат программасы Борбордук Азиянын эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкеш келген негизги жана кошумча адистиктерди сунуштайт. БАУда студенттер менен мугалимдердин санынын катнашы регион боюнча эң аз (9:1) болуп, анын кампустары заманбап жаңы жабдуу жана эмеректер менен жабдылган. Университетке кабыл алуу ар бир абитуриенттин жетишкендиктеринин негизинде жүргүзүлөт. Талаптарга жооп берген, бирок финансылык кыйынчылыгы бар студенттер кабыл алуудан четтетилбейт. БАУ абитуриенттин жетишкендиктерине негизделген жеңилдетүүлөрдү, муктаждыктарга негизделген гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды сунуштайт. 
 
«Борбордук Азия Университетинин кампустары уникалдуу академиялык коомчулукту түзөт. Биздин студенттер ар түрдүү жерлерден келишет. Университетибиздин жогорку квалификациялуу PhD даражасына ээ профессордук-окутуучулук курамы болсо дүйнөдөгү алдыңкы университеттерден билим алган жана өзгөчө интеллекуталдык ресурсту түзөт. Ал эми алдыңкы эл аралык жогорку окуу жайлары менен түзүлгөн бекем өнөктөштүгүбүз БАУга эл аралык деңгээлдеги жогорку билим сунуштоого жол ачат. Кампустарыбыз, келечекте студенттерибизге пайда алып келе турган талант жана шыктарын дагы да өркүндөтүп, жогорку деңгээлге алып чыга турган ар тараптуу билим алуу жана коомдук жашоо тажрыйбасын сунуштайт», – деди БАУнун генералдык мүдүрү жана жогорку мектептин деканы Богдан Кравченко. 
 
Кабыл алуу тобу февраль жана март айларында Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын аймактарына барышат. Мектеп окуучуларын жана ата-энелерди маалыматтык жолугушууларга чакырабыз. Аталган жолугушуу учурунда БАУнун кызматкерлери толук маалымат берип, суроолорго жооп беришет. Маалыматтык жолугушуулардын өтө турган жерлерин жана убактысын http://bit.ly/UCAInfoSessions шилтемеси аркылуу тактоо мүмкүн. 
 
Университетке тапшыруу үчүн заявканын бланкын жүктөп, 18 марттан кеч эмес apply@ucentralasia.org дарегине жонөтүү зарыл. Кабыл алуу экзамендери 3 апрелде өтөт, ал эми кабыл алынгандардын тизмеси  июнь айында жарыяланат. 
 
БАУнун окуу программалары тууралуу кошумча маалымат үчүн www.ucentralasia.org/admissions сайтына кириңиз. Суроолор боюнча admissions@ucentralasia.org электрондук почта дареги же  +996 312 663 822 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Тажикстан)  +7 777 822 3948 (Казакстан) телефон номерлери аркылуу биз менен байланышыңыз.