Тоолуу аймакта жайгашкан университеттин кампусунда окуунун артыкчылыктары

Date: 02 March 2016
Бул макала, жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган “Жогорку окуу жайын тандоо” аттуу макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак, 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу заявкаларды кабыл алып жаткан Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Окууга заявкаларды тапшыруунун акыркы күнү 18-март 2016-жыл.
 
 
Борбордук Азияда студенттердин көпчүлүгү үчүн жогорку окуу жайында окуу – чоң же кичине шаарда жайгашкан жогорку окуу жайындагы сабактарга катышуу, өз үйүндө же ижараланган батирде жашоо жана университетке күн сайын барып-келүү менен байланышкан. Мугалимдер жана башка студенттер менен өз ара карым-катнаштар көп учурда сабактардын мөөнөтү жана аудиториялар менен гана чектелген. Сабактарга кечикпей баруу, анысы мындай турсун, сабак окуу үчүн тынч жер табуу – студенттин жашоосунда негизги кыйынчылыкка айлануусу жана айрым учурларда стресстин себеби болуусу мүмкүн. 
 
Башка студенттер менен чогуу жашоонун натыйжасында келип чыккан өз ара карым-катнаштар критикалык ой жүгүртүүгө, башка элдердин маданиятына жана үрп-адаттарына сый мамилее жасоого, лидерлик сапаттарды өркүндөтүүгө жана билим жактан өнүгүүгө оң таасирин тийгизээри изилдөөлөр негизинде далилденген. Ошону менен бирге, кампустан канчалык алыс жашасаң, университеттеги ресурстардан пайдалнуу мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болоору дагы аныкталган. Мындай жагдай өзгөчө элет жергесинен келип окуган студенттер үчүн абдан оңтойсуз.
 
Борбордук Азия Университетинде жогорку билим алуу, сабактарга баруу жана тапшырмаларды аткаруу менен гана чектелбегендигине терең ишенебиз. Борбордук Азия Университети (БАУ) региондогу студенттерге: кампуста жашап, билим алуу, толугу менен окууга багытталган, билим алууга жана эркин ой-пикир алмашууга түрткү берген чөйрө алкагында өзгөчө тажрыйба сунуштайт. БАУда билим алуу, студент ойгонгондо башталып, ал уктаганда гана токтойт. 
 
БАУ студенттерге турмушта бир гана жолу бериле турган, башка студенттер жана мугалимдер менен биргеликте жаңы имарат жана ресурстарды колдонуу, Борбордук Азиянын башка жеринде байкалбаган, үйрөнүүгө умтулган коомчулуктун ичинде эл аралык деңгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Коопсуздугу жагынан толук камсыз кылынган БАУнун ар бир кампусу эл аралык талаптарга жооп берген мыкты окуу корпустарын, жатаканаларды, ашканаларды, спорт имараттарын, китепканаларды, лабораторияларды, студентик жашоо борборлорун жана көнүл ачуу зоналарын, ден-соолук жана машыгуу кызматтарын, 100% Интернетке туташуу мүмкүнчүлүгүн жана башка артыкчылыктарды сунуштайт. Бийик тоолуу аймактарда жайгашкан БАУнун үч кампусу, студенттерге адамдын жашоосун дээрлик өзгөрткөн окуу тажрыйбасын алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
 
Кампуста сага билим алуу жана өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Келип, өзүң күбөө бол!
 
Кошумча маалымат алуу үчүн: www.ucentralasia.org/admissions, электрондук почта: admissions@ucentralasia.org, же телефон номерлери: +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Тажикстан)  +7 777 822 3948 (Казакстан).