Кыргыз Республикасынын премьер-министри жана билим берүү министри БАУнун жогорку билим берүүгө карата дымактуу мамилесин жактырды

Date: 11 March 2016
Other languages: English | Русский язык |
мартында Борбордук Азия Университетинин кампусу менен таанышуу учурунда Кыргыз Респ убликасынын премьер-министри улуу урматтуу Темир Сариев Нарынга “көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгын” белгилеп, БАУнун мындай тоолуу аймакта эл аралык деңгээлдеги университет куруу чечимин жогору баалады. 
 
 
 
“Нарындын көркөм табияты курчап турган жерде БАУ эл аралык деңгээлдеги жогорку билим сунуштаган кампус куруп жатат. Ал тоолуу аймактар өнүгүү жана инновациялар борбору боло албайт деген стереотиптик пикирди жокко чыгарууда. КР Өкмөтү бул стратегиялык жана дымактуу долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири”, - деди премьер-министр.  
 
Сариев мырза өз сөзүн, БАУнун Нарындагы кампусу менен таанышуу алкагында КР билим берүү жана илим министрлиги уюштурган, өлкөдөгү алдыңкы университеттердин жана орто мектептердин ректорлору жана мүдүрлөрү катышкан жогорку билимге арналган форум учурунда сүйлөдү. 
 
Өлкөнүн билим берүү кызматкерлерине кайрылуу учурунда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Өкмөттүн БАУга көрсөткөн колдоосу жөнүндө айтты. 
  
 
 
“Биздин Өкмөт эң жогорку деңгээлде, БАУнун бакалавриат программасынын ачылышын күтүүдө. Абитуриенттер чет мамлекетте билим алуу үчүн акча сарптабастан, өзүбүздүн өлкөбүздө эле, Нарында эл аралык деңгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгү ачылгандыгын билүүлөрү зарыл. Нарындагы кампуста студенттер билим алууга багытталган чөйрөгө толугу менен чөмүлүшөт”, - деди Сариева. 
 
КР социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жана КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов дагы, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышкан форумда сөз сүйлөдү. Форумдан мурун БАУнун Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу жетекчиси жана Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюмунун дипломатиялык өкүлү Шамш Кассим-Лакха жана БАУнун генералдык мүдүрү жана жогорку мектептин деканы Бодан Кравченко Өкмөт өкүлдөрүн кабыл алып, кампустун имараттары менен тааныштырды. 
 
Форумда улуттук эксперттердин презентациялары өтүп, БАУнун максаттары менен айкалышкан темалар, алардын ичинде технологиялык парктарды же борборлорду уюштуруу, жогорку технологияларды жана санариптик мектептерди киргизүү жана Кыргыз Республикасына чет мамлекеттерден студенттерди тартуу маселелери дагы талкууланды. БАУнун Нарын шаарындагы кампусу 2016-жылдын сентябрь айында ачылып, бакалавриат программасы алкагында “Компьютер илими” жана “Коммуникация жана ММК” боюнча эки багыт сунуштайт. Технологиялар жаатында иш алып барган форумдун катышуучуларынан бири айткандай, Нарын “бүткүл дүйнө жүзүнө кызмат көрсөтө турган” кластерге айлануусу мүмкүн. 
 
Премьер-министрдин сапарынан кийин, 29-февралда БАУда ачык эшик күнү өттү. КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, Нарын шаарынын жана коңшу айылдардын мугалимдери менен чогуу 300гө жакын адам кампустун имараттары менен таанышып, БАУнун бакалавриат программасы жана учурда жүргүзүлүр жаткан студенттерди кабыл алуу иш-чарасы жөнүндө маалыматтык жолугушууга катышты. Абитуриенттерден түшкөн көптөгөн өтүнүчтөрдүн негизинде БАУ заявкаларды кабыл алуу мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартты.
 
 
  
“Борбордук Азия Университети Кыргыз Республикасында сапаттуу жана жеткиликтүү жогорку билим берүүгө өз күчүн жумшаган коомчулуктун мүчөсү болууну чыдамсыздык менен күтүүдө, - деди Кассим-Лакха, - Аткарылып жаткан иш-аракеттер жөнүндө маалыматты билим берүү тармагындагы лидерлер менен бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз, ошону менен катар алардын кеңири тажрыйбасынан үйрөнүүгө үмүттөнөбүз”. 
 
Университет масштабы, түзүлүшү жана стандарты бирдей, жашап окууга ылайыкташтырылган үч кампус курууда. Нарындагы кампуска алгачкы студенттер 2016-жылдын сентябрь айында кабыл алынат. Тажикстандын Хорог шаарында 2017-жылдын сентябрь айында ачыла турган БАУнун экинчи кампусу “Экономика” жана “Жер жана айлана-чөйрө илими” боюнча багыттарды сунуштайт. Казакстандын Текели шаарындагы БАУнун үчүнчү кампусу 2019-жылы ачылып, “Инженердик-техникалык илим” жана “Бизнес жана башкаруу” багыттарын сунуштайт.  
 
Заявканын бланкын бул жерден жүктөп, apply@ucentralasia.org эл. почта дарегине 15 апрелден кечиктирбей тапшыруу зарыл.  15$ заявка кабыл алуу акысы, заявкаларын 18-марттан кечиктирбей тапшырган абитуриенттерден алынбайт.  Кабыл алуу экзамендери 1-майда өткөрүлүп, жыйынтыктар июнь айында жарыяланат.
 
БАУнун жогорку билим берүү программалары тууралу маалымат www.ucentralasia.org/admissions сайтында жайгашкан. Байланыш үчүн эл. почта дареги: admissions@ucentralasia.org жана тел. номерлери: +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Тажикстан)  +7 777 822 3948 (Казакстан).