Борбордук Азия университети менен КР Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тоо-кен өндүрүшү тармагынын саясаты боюнча форум өткөрүштү

Date: 24 March 2016
Other languages: English | Русский язык |
Борбордук Азия Университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту (БАУ МБСИ) КР Экономика министрлиги менен өнөктөштүктө 2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында Тоо-кен өндүрүшү тармагынын саясаты боюнча форум уюштурду. Форумга тоо-кен тармагынын саясатын талкуулоо максатында кызыкдар болгон тараптардын 85тен ашуун өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучулары эл аралык жана жергиликтүү спикерлердин баяндамаларын угуп, өлкөнүн экономикасынын аталган маанилүү секторундагы көйгөйлөргө байланышкан кызыктуу дискуссия учурунда пикир алмашты. 
 
 
“Кыргыз Республикасындагы тоо-кен өндүрүшү: келечеги жана чакырыктары”  деген аталышта өткөн бир күндүк Форум учурунда төмөнкү темалардагы баяндамалар жасалды: Кыргызстандагы тармактык саясат; Тоо-кен өндүрүшүнөн түшкөн кирешени башкаруу; Тоо-кен өндүрүшүнүн ишмердүүлүгү жана турмуштук циклы; Инвесторлорду кантип тартуу керек, ошондой эле Экологиялык туруктуулук жана социалдык жоопкерчилик. 
 
Монголиянын парламентинин мүчөсү, мурда тышкы иштер министри жана курчап турган айлана-чөйрө менен экологиялык өнүгүү министри болуп иштеген Оюн Санжаасурен айым конференциянын катышуучуларын Монголиянын жер казынасын пайдалануу жаатындагы саясаты, Монголия өкмөтүнүн тармактык мыйзамдар, салык салуу, инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү калк менен иш алпаруу жаатындагы реформаларынын тажрыйбасы менен тааныштырды. 
 
Кыргыз тоо ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү жана КР премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Валентин Богдецкий өзүнүн баяндамасында эл аралык инвесторлордун эсепке алуу тутумун жакшы түшүнүп алуусу жана запастардын көлөмүнө туура баа берүүсү үчүн запастарды эсепке алуунун эл аралык тутумун киргизүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи. 
 
Андан тышкары, БУУ Өнүктүрүү программасынын Бангкок аймактык борборунун, Кен өндүрүү тармактарынын айкындуулугу демилгелеринин, Казакстандын Кен пайдалануу департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (КР ЭМ), КР ЭМ караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, Эл аралык иштиктүү кеңештин, Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик Башкаруу жана Саясат Институту жана башка жактардын өкүлдөрү да баяндама жасашты.  
 
 
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Туратбек Джунушалиев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Улан Рыскулов, Жогорку кеңештин депутаты Екметкул Байпакпаев, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Робин Орд-Смит, Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарынын саясаты башкармалыгынын башчысы Аскат Беков жана Борбордук Азия университетинин Башкы директору жана Жогорку Мектебинин Деканы Богдан Кравченко катышуучуларга саламдашуу сөзүн сүйлөштү.  
 
“Советтер Союзу кулагандан тартып тоо-кен өндүрүшү тармагы өлкөнүн экономикасындагы эң бир маанилүү тармак болуп чыга келди. Тоо секторунун туруктуу өнүгүшү жана минералдык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу кен пайдалануу саясаты жаатындагы мамлекеттик ишмерлер үчүн башкы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Буга жетүү үчүн аталган мамилелерге тиешеси бар болгон бардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынышына, инвесторлор үчүн шык-дем берүүчү шарттар түзүлүшүнө, мамлекеттик жөнгө салуу иштери ачык-айкын жүргүзүлүшүнө жана аларды өркүндөтүүгө жетишүү зарыл. Чакырыктарга татыктуу жооп кайтаруу, аймактык экономиканы бекемдөө, инновацияларды ишке киргизүү керек... Бүгүнкү Форум талкуу жүргүзүү үчүн мыкты платформа болуп бере алат деп ойлойм», - деп белгиледи КР Экономика министринин орун басары Туратбек Джунушалиев.
 
“Бул Форум – алдыңкы эл аралык жана ата мекендик тажрыйбаны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшү тармагындагы чакырыктарды жана көйгөйлөрдү ачык-айрым талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат. Мен бүгүнкү иш-чара учурунда биз ачык-айрым талкуулай ала турган абдан олуттуу маселелер көтөрүлөт деп үмүттөнөм. Биз эң бир татаал көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуудан качпашыбыз керек», - деди БАУ Башкы директору Богдан Кравченко.
 
Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Робин Орд-Смит Улуу Британия өкмөтү бул Форумду колдой тургандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшү тармагын өнүктүрүү боюнча ишине жогорку баа берди. 
 
“Улуу Британия бул иш-чараны чечкиндүү түрдө колдойт, анткени биз тоо-кен тармагы өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө маанилүү салым кошо алат деп ишенебиз.  Глобалдык атаандаштык шарттарында тоо-кен тармагын өнүктүрүү барган сайын татаалыраак болууда. Улуу Британиянын өкмөтү экономиканы өнүктүрүү жана туруктуу, мыкты башкарууга эгедер Кыргызстанды куруу үчүн бардык билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр ”,- деди Робин Орд-Смит.
 
Өлкөнүн тоо-кен өндүрүшү жаатына тиешеси бар тараптардын катышуусу иш-чаранын жандуу пикир алышуу менен коштолуусуна өбөлгө болду. Форумдун катышуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, Канаданын Элчиси Шон Стеил, Канаданын улук соода кеңешчиси жана вице-консулу Адам Барболет, Кумтор Голд Компани, Фулл Голд Майнинг ЖЧК, Алтын Күмүштак Майнинг ЖЧК, Хайленд Эксплорейшн Майнинг ЖЧК, Z Explorer ЖЧК, Казахмыс Голд ЖЧК тоо-кен өндүрүшү компанияларынын өкүлдөрү, Кемин, Ала-Бука, Талас жана Чаткал райондорунун акимдери, Каликова & Ассошиэйтс юридикалык фирмасынын, Эл аралык иштиктүү кеңештин, Кен өндүрүү тармактарынын айкындуулугу демилгелеринин, Борбордук Азиядагы Евразия фондусунун, Ага-Хан өнүктүрүү түйүнүнүн, Эл аралык кызматташтык Германия коомунун, Жаратылыш ресурстарын башкаруу институтунун, Эл аралык каржы корпорациясынын, Эл аралык кызматташуу боюнча АКШ агенттигинин, БУУ Өнүктүрүү программасынын, Айыл демилгеси бейөкмөт уюмунун,  Кыргызстандын Тоо өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясынын, Саясат өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын – Экономика министрлигинин, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле тоо-кен өндүрүшү тармагынын өкүлдөрү болушту. 
 
Бул Форум тармактын саясаты боюнча конструктивдүү диалог курууга жана секторду андан ары өнүктүрүү үчүн сунуштамаларды талкуулоого өбөлгө түздү. Республиканын райондук мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин Форумдун ишине катышуусун өзгөчө белгилеп коюу зарыл, анткени муну менен талкуунун жандуу өтүшүнө шарт түзүлдү. Андан тышкары, жергиликтүү эл менен өлкө өкмөтүнүн ортосундагы коммуникациянын жетишсиздигинен улам Кыргызстандын тоо-кен тармагынын терс имиджге ээ болуп жатышы баса белгиленди. Муну менен катар эле райондук администрацилялардын башчыларын Аймактарды өнүктүрүү фондуларынын арасында тоо-кен тармагынын кирешелерин бөлүштүрүүнүн жаңы ыкмаларын жана механизмдерин иштеп чыгууга чакырышты. 
 
Форум тоо-кен тармагындагы саясат жаатындагы БАУ МБСИнин бир бөлүгү болуп саналат. Ал өзүнө тоо саясаты жаатындагы окуу программасын, мамлекеттик башкаруудагы жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучулар, жарандык коом жана жеке сектор үчүн сурап-билүүчү материалдарды басып чыгарууну камтыйт. Бул демилгесинин максаты – мамлекеттик кызматкерлерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык коомду жана жеке секторду катыштыруу менен тоо-кен саясатын ачык-айрым эл алдында талкуулоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.  
 
Бул 20 айлык программа Борбордук Азия университети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, эл аралык эксперттер, университеттер, донордук агенттиктер жана бейөкмөт уюмдар менен өнөктөштүктө ишке ашырылмакчы.