Эмне үчүн Нарын, Хорог жана Текели? Региондун жолтоомундагы Борбордук Азия Университетинин кампустары

Date: 05 April 2016
Бул макала, окуучулардын университетке тапшырууда “Университетти тандоо” боюнча суроолорун жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөну камтыган сериянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул серия  Борбордук Азия Университети тарабынан чыгарылган, азыр 2016-жылдын сентябрында студенттерди  кабыл алуу үчүн арыздарды  алып жатат. БАУ кабыл алуу мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартты.
 
 
Дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлары студенттерге толугу менен турак жай тажрыйбасын сунуштайт, ал жерде билим алуу окуу классынын чегинен алыс кетет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, окуучулар кампуста жашап жана окуп жатканда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн көбүрөөк пайдаланышат.Борбордук Азия Университетинин  окутуучуларынын эл аралык тобу студенттерге өнүккөн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн түрлѳрүн, жекече окутуудан  жамааттык окуу долбоорлоруна катышууга чейин камсыз кылат.
 
Мурда, мыкты университетте окуу  борбор шаарына көчүү менен маанилеш болгон. БАУ Кыргыз Республикасынын Нарын аймагында турак жайлуу тоо кампусун ачат, Тажикстандын  Хорог жергесинде  кампус 2017-жылдын күзүндө ачылуусу пландаштырылган, жана 2019-жылы күзүндө, Казахстандын Текели шаарында күтүлөт. Кампуста жашоо жана окутуунун мурасы Борбор Азия өлкөлөрүндө салыштырмалуу жаңы болуп саналат, ошондуктан студенттерде эмне үчүн Нарын, Хорог жана Текели? -деген суроо туулушу мүмкүн. 
 
БАУнин Нарын, Хорог жана Текелидеги кампустары үч өлкөдө бир университетти  түзөт. БАУнин ар бир  кампусу атайылап Жибек жолунда, товарлар, маданият жана идеялар мене дүйнөлүк алмашууга өбөлгө түзгөн тарыхый соода жана транспорт жолунда жайгашкан. Жибек жолунун мурасы БАУнин студенттерге борбордоштурулган билимди жетектейт жана  ишкердикке жана маселелерди чечүүгө багытталган . БАУнин студенттери, жумушту үйрөнүү талаптарынын бир бөлүгү катары, өздөрү окуп жаткан тармактагы  коомдук демилгелерди иштеп  чыгып жүзөгө ашырат, ошондой эле аймактагы кадимки турмуштук көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорго катышат.
 
БАУнин кампустары кооз тоолуу жерлердин ортосунда жайгашып, студенттерге үйрөнүү,айлана-чөйрө жана жергиликтүү коомчулук  менен жаңы жол аркылуу аралашууга мүмкүнчүлүк берет. Кампус шаарлары- Кыргызстанда Нарын,   Тажикстанда Хорог жана Казахстандагы Текели маданий жана экологиялык жактан бай айлана чөйрө жана жамааттарды, тамактануу түрлөрүн, экскурсия мүмкүнчүлүктөрүн жана облустук борборлор менен транспорттук байланыштарын сунуштайт.
 
Кампуста, студенттер теңдеши жок билим алуу тажрыйбасын алышат: эл аралык жана региондук окутуучулардын тобу чакан класс өлчөмдөрүн кооз жасалгаланган, 100% интернет байланышы бар, колдонмо технологиялар,илимдин эң акыркы технологияларына ылайык жабдылган заманбап китепканаларында, лабораторияларда, спорт жайларында окутат. Ар бир БАУнин студенти да жаңы ноутбук менен жабдылат.
 
Бул айдын башында, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри, Нарында өткөн жогорку деңгээлдеги билим боюнча форумда БАУнин тоолуу аймакта жайгаштыруу чечимин мактады, жана Нарынды регионалдык карым-катнаштын үлгүсү катары “байкоо жүргүзүү жери” деп атады.  Ар бир кампус Кытайдын заманбап экономикалык жана саясий борборунан 150 миль аралыгында жайгашкан.
 
Борбордук Азия Университетинин кампустары келечекте технологиялык жана инновациялык регионалдык түйүн боло турган  тоолуу аймактарда стратегиялык максат менен жайгаштырылган.Студенттерге өлкөнүн борбор калаасынан алыс жайгашкан жерлерди көрсөтүү менен, Университет студенттерди регионалдык татаалдыктарды  глобалдык космополитизм менен тең салмакташтыра алуучу келечектеги лидерлер катары өстүрүүгө багыт алат.
 
БАУне арыз менен кайрылуу боюнча көбүрөөк маалымат алыш үчүн төмөнкү сайтка кириңиз: www.ucentralasia.org/admissions, бизге электрондук кат жибериңиз:admissions@ucentralasia.org, же телефон чалыңыз: +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Таджикистан)  +7 777 822 3948 (Казахстан).