Борбордук Азия Университетинин студенттерине Канаданын Сенека Колледжи стипендия тартуулайт

Date: 05 April 2016
Канаданын Сенека Колледжи  Борбордук Азиянын бардыгы биригип 12 студентине, Борбордук Азия Университетинде (БАУ) бакалавриатта окуу үчүн  ар түрдүү үч стипендия берери жөнүндөгү планын жарыялады. БАУ нин окуу планын иштеп чыгуу боюнча  шериктешинин стипендиясы үмүттөндүргөн студенттерге, алардын экономикалык абалына карабай, жол ачуу жана ишке ашырымдуулукту көздөгөн  чогу берилгендикти чагылдырат.
 
 
БАУ нин Даярдоо программасы үчүн окуу программаны иштеп чыккан Канадалык жогорку окуу жайы стипендиянын уч түрүн БАУде окуу үчүн төлөмдүн бир бөлүгүн камтууга берет. БАУ, студенттин муктаждыгы негизинде, окуу үчүн төлөмдүн  90 пайызын камтууга милдеттенген. 
 
“Борбордук Азиядагы жаштарга жогорку сапаттагы программаларды  сунуштоодо Борбордук Азия Университетинин идеалдары жана максаттары Сенеканыкына  өтө окшош келет деп ойлойбуз,”деди Джос Нолле, Сенеканын эл аралык факультетинин деканы. 
 
“Ушул каржылык жардамдан пайда көргөн татыктуу студенттер, убактысы келгенде, Борбордук Азиядагы коомдордун өнүгүшүнө салым кошуп, БУА нен алган билимин жана тажрыйбасын таратып, өздөрүнүн коомчулугунун уңгусу болушат деп үмүттөнөбүз.”
 
Кирүү стипендиялары азыр окуп жаткан төрт студентке  берилет. Кызыктыргыч стипендиялар студенттин биринчи курсунан  кийин, орточо академиялык баллдын (ОКБ) негизинде жана көрсөтүлгөн коомдук ишмердүүлүгү үчүн жыл сайын берилет; жана эки стипендия окууну бүткөндөн кийинки билим (аспирантура) үчүн төлөм стипендиясы, БАУ нин бүтүрүүчүсүнө  Канаданын Сенекасындагы бир жылдык аспиранттык  сертификат программасына жетиш үчүн берилет.
 
“БАУ биздин окуу програаммасы боюнча шериктеш болгон Сенекага Нарындагы бакалавриат студенттерине кирүү сабагы үчүн ыраазы. Бул стипендиялар, экономикалык абалына карабай, бардык тырышып окуган студенттер эң жогорку сапаттуу билим алууну улантууга укугу бар деген биздин чогу ишенимди колдойт”- деди д-р Ариф Качра, гуманитардык жана так илимдер факультетинин деканы.
 
Айыл жергесиндеги жамааттардагы абитуренттерден арыз менен кайрылууда  колдоо кѳрсѳтүү боюнча суроолор жана өтүнүчтөр өтө көп болгондуктан, университеттин кабыл алуу кампаниясынын акыркы мөөнөтү узартылгандыктан бул жарыя келип түштү. Талапкерлердин мүмкүн болгон кеңири чегин жайгаштырыш үчүн, БАУ арыздарды  2016- жылдын 15-апрелине чейин кабыл алат.
 
2015- жылдын 7- июлунда, БАУ жана Сенека, БАУ нин биринчи курстагы студенттерин Даярдоо программасы  үчүн англис тили, математика жана илим боюнча окуу программаларын иштеп чыгаруу боюнча ϴз Ара Түшүнүү Меморандумуна кол коюшту.
Даярдоо программасы бул билимди байытуучу программа, БАУ нин кошумча колдоого муктаж болгон студенттери эл аралык атаандаштык критерийлерге дал келүүнү камсыз кылуу үчүн жана университетте ийгиликке жетишүүгө керек болгон илимий жана негизги окуу көндүмдөрдү  өнүктүрүү  үчүн иштелип чыккан.
Нарындагы биринчи бүтүрүүчүлөр бакалавриат программасын  күзүндө Даярдоо программасы менен баштайт
 
Университет БАУ нин жамаатын талант жана ар түрдүүлүк  чыңдайт деп ишенет. БАУнин региондогу орчундуу жана туруктуу каржы инвестициясы кабыл алуу сиңирген эмгектин негизинде жана муктаждыктарга сезимтал экендигин камсыз кылат.
 
БАУ жана Сенека  ортосундагы  шериктештик Кандадагы Глобалдык Иштер (КГИ) жана Канададагы Ага Хан Фонду аркылуу  берилип жаткан Канада өкмөтүнүн  каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
 
Канада, БАУ нин Борбордук Азия жана Афганистандагы илимий жана окутуу демилгелерин Канаданын Глобалдык Иштер (КГИ)  жана Эл аралык ѳнүгүүнүн илимий борбору аркылуу колдойт, анын ичинде Коомдук саясат жана башкаруу институтун (КСБИ) (IPPA) түзүүгѳ  колдоо кѳрсѳткѳн. Ошондой эле, КГИ БАУнин Британ Колумбия, Карлетон жана Алберта Университеттери менен шериктештиктигин колдойт.
  
Арыз менен  кайрылуу формаларын жүктѳп алып, apply@ucentralasia.org дарегине  салып жиберүү керек, акыркы мѳѳнѳт  15- апрель. Университет 1-майдагы кабыл алуу  экзамендерин башкарат жана кабыл алуу чечимдерин июндун аягында жарыялайт.
 
БАУ нин даража программалары  жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк билүү үчүн  www.ucentralasia.org.  сайтына кириңиз. Электрондук адрес аркылуу биз менен байланышкыла: admissions@ucentralasia.org, же суроолоруңар менен телефон чалгыла: +996 312 663 822 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Таджикистан)  +7 777 822 3948 (Казахстан).