Борбордук Азия Университетинин жайкы лагери экинчи жылына кайтат, таланттуу окуучуларды дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку билим берүү үчүн даярдоо

Date: 18 April 2016

Өткөн жылдын ийгиликтүү ачылыш программасынан кийин, Борбордук Азия Университети озунун 2016 жылкы  новатордук жайкы лагерине 10-чу класстын окуучуларын Тажикстандан, Кыргызстандан жана Казакстандан кабыл алуу кампаниясын баштады.

Үч жумалык лагерь турак жайы менен 2016 жылдын 20-июлунан 9-августка чейин, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы «Роял Бич» аттуу мейманканасында (пансионатында) өтөт.
 
 
Азыр анын экинчи жылында, жайкы лагерь Борбордук Азиянын таланттуу студенттерине билим өркүндөтүү боюнча турак жайлуу программасын сунуштап, аларга англис тили жана математика боюнча билимдерин жогорулатуу жана университетке тапшыруу процесси жонундо кенештерди жана колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет.
 
Өткөн жылы жетимиш алты орто мектептердин анкета толтурган окуучуларынын арасынан 850 окуучу  тандалып, жайкы лагерге катышууга чакырылган.
 
 «Өткөн жылы программанын аягында, биз ар башка өлкөдөн, коомчулуктан жана башка башка мектептерден келген окуучулардын жыйынтыктарын көрүп ыраазы болгонбуз. Алар математика жана англис тилинен бааларын жакшыртуу менен эле чектелбестен, биргелешкен окуу жана урмат-сый коомчулугун түзүшкөн”- дейт, көркөм өнөр жана илимдер бөлүмүнүн деканы д-р Арифф Качра. «Борбордук Азия Университети Нарын шаарындагы кампусунда күзүндө студенттердин алгачкы группасын тосуп алууга даярданып жаткандыгы үчүн, биз билим өркүндөтүү боюнча турак жайлуу тажрыйбанын ийгиликке жетишүүдө жана изилдөөдө студенттерди даярдоо боюнча жалпы таасирин көрүп абдан чон кубанычтабыз.»
 
Жайкы лагерь, Борбордук Азия Университетинин региондогу студенттерге эл аралык стандарттарга ылайыктуу жогорку билим берүүдө кылган  кенен аракеттеринин бир компоненти болуп саналат. Жайкы лагердин окуу планы эл аралык эксперттер тарабынан иштелип чыккан жана Борбордук Азиянын студенттеринин шарттарын жана керектөөсүн канааттандырууга ылайыкташтырылган.
 
 
 Англис тилин экинчи тил катары сабак берүүдө тажрыйбасы бар англис тилинин өкүлдөрү баардык эрежелерди үйрөтүшөт ал эми математика илими боюнча чон тажрыйбасы бар мугалим Борбордук Азия студенттерине математика сабагын берет. Жайкы лагерь студенттердин толугу менен тажрыйба алуусунда көмөк көрсөтүш үчүн төрт окуучу менен бир мугалим иштей турган катнашта кызматкерлерин даярдайт. 
 
Кучөтулгөн англис жана математика сабактарына кошумча катары студенттер, жогорку окуу  жайларга тапшыруу, жогорку окуу  жайлардын сынактарына даярдануу, маектешүү жана дилбаян (эссе) жазуу боюнча атайын сабактарга катышышат жана келечекте ийгиликтүү  карьерага жетүүгө жардам бере турган программаны тандашат. Лагерь аяктаганда студенттер сыналуучу эл аралык экзамендерди тапшырышат. 
 
Программа академиялык кызматкерлер менен сабактарды класстан тышкары шарттарда окутуу үчүн кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырат. Лагердин бир күнү адатта эки кичинекей академиялык топтору үчүн математика жана англис тилинен сабак өтүүнү, спорттук иш-чараларды жана бүт лагерь боюнча билим өркүндөтүү сабактарын өткөрүүнү камтыйт. Кечки иш-чаралар катарына дебаттар жана Бириккен Улуттар Уюмун моделдештирүү  боюнча ой жүгүртүүлөр, илимий тажрыйбаларды жана математикалык түшүнүктөрдү талкуулоо, англис тилинде тасмаларды көрүү жана дагы көптөгөн нерселер кирет.
 
БАУнун жайкы лагерине өтүш үчүн, окуучулар англис тили, математика жана логика боюнча чакан сынагына кирүүгө милдеттүү. Тестирлөө 2016 жылдын 21-22 майында баардык үч өлкөдө атайын сынак борборлорунда жүргүзүлөт. Экзамен тапшыруу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу каттоодон өтүнуз.: http://bit.ly/UCAcamp16. Студенттер аныктоо үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн ID же студенттик картасынын ID көчүрмөсүн суротү менен бирге алып келүүсү зарыл.  БАУ’нун жайкы лагерине катышуу үчүн катталган студенттерге сыноо аяктаган соң белектер тартууланат.
 
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, студенттер, алардын коомчулундагы маалымат сессияларынын бирине катышып, жана БАУнун жөнөтүү тизмесине жазылууга чакырылат: http://bit.ly/ucacampform 
 
Кыргыз Республикасы
• Ош: 20 апрел, 2016 ж, 17:00-18:30
Ага-Хан лицейи, Курманжан Датка көч. 93, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

• БИШКЕК: 22 апрел 2016ж., 17:00-18:30
Борбордук Азия Университети, Борбордук администрация офиси, Токтогул көч 138, Бишкек шаары

• НАРЫН: 25 апрел 2016ж., 16:00-17:30
Нарын шаарындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, Сейтаалы Жакыпов көч. 19, Нарын шаары, Кыргыз Республикасы
 
ТАЖИКСТАН
• КУРГАН ТЮБЕ, 22 апрел 2016ж., 14:00-15:30
Курган Тюбе шаарындагы, Америкалык Бурчу, Тажикстан Республикасы, Курган Тюбе шаары, Дустии Халкхо көч.
 
• ДУШАНБЕ, 23 апрел 2016ж., 16:00-17:30
Душанбе шаарындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, Тажикстан Республикасы, Душанбе шаары, Дружба народов проспекти, 47A, 734013
 
• ХУДЖАНД, 25 апрел 2016ж., 16:00-17:30
Худжанд шаарындагы Америкалык Бурчу, Республика Тажикстан, Асири атындагы Худжанд шаары, Коомдук китепкана, Ленин Проспекти 1
 
• КУЛЯБ, 26 апрел 2016ж., 13:00-13:45
Куляб шаарындагы Америкалык Бурчу, Тажикстан Республикасы, Куляб шаары, Технология университетинин бутагы, Куляб шаарында, Борбад көч, 9 коомчулук
 
КАЗАХСТАН
• ТЕКЕЛИ: 21 апрел 2016, 16:00-17:30
Текели шаарындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү, мектеби 041700, Казахстан Республикасы,  Текели шаары, Гагарина көч. 13
 
• *ШЫМКЕНТ: 26 апрел 2016, 16:00-16:45
Пушкин атындагы түштүк Казакстандын областын универсалдуу илимий китепканасы  (Америкалык Бурчу), Казыбек би көч, 13, Шымкент шаары
Казахстан Республикасы
 
*өзгөрүүлөр мүмкүн