Улуу даражалуу Ага Хан Кыргыз Республикасына келип кетүүнү пландаштырууда

Date: 03 November 2014
Other languages: English | Русский язык |
Улуу даражалуу Ага Хан Кыргыз Республикасына болгон төрт күндүк иш сапарынын алкагында эртең Бишкекке келип кетүүнү пландаштырууда. 
 
 
Ага Хан Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун (АКДН), экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү жаатында иш алпарган агенттиктердин тобунун түзүүчүсү жана төрагасы болуп саналат. АКДН Кыргыз Республикасында 2000-жылдан бери иштеп келе жатат жана Ош шаарындагы Ага Хан Мектеби, музыкалык чыгармачылык чөйрөсүндөгү Ага Хандын демилгеси, «Алгачкы микронасыялык компания», Кыргыз Инвестициялык-Насыялык Банк (KICB), «Джубили Кыргызстан Иншуренс Компани» камсыздандыруучу компаниясы жана Ош менен Нарын шаарында айыл жергесин, мектепке чейинки курактагы балдарды, саламаттык сактоону, билим берүүнү өнүктүрүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана кесепеттерин жумшартуу жаатында ишмердүүлүк жүргүзгөн Ага Фонду сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда. 
 
Улуу даражалуу Ага Хан ошондой эле өзү жана Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана Казакстандын Президенти менен биргеликте уюштурулган Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Канцлери болуп  саналат. Өз иш сапарынын жүрүшүндө Улуу даражалуу Нарын шаарында болуп, БАУ кампусунун (университеттик шаарчасынын) негизги аймагынын курулушунда жетишилген прогрессти көрүп, облустук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө акыркы өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер, анын ичинде 2016-жылдын сентябрь айында бакалавриат программасына алгачкы студенттерди кабыл ала турган Нарын шаарындагы БАУ кампусунун ачылышы туурасында айтып бермекчи.  
 
He will also review developments of AKDN’s activities with the country’s senior leadership including His Excellency Almazbek Atambayev, President of the Kyrgyz Republic, Speaker of Parliament Asylbek Jeenbekov, Prime Minister Joomart Otorbayev, Minister for Foreign Affairs Erlan Abdyldaev and Minister of Education Kanat Sadykov.
 
Ал ошондой эле АКДН ишмердүүлүгүндөгү акыркы жетишкендиктерди республиканын жогорку жетекчилиги менен болгон жолугушуулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти улуу даражалуу Алмазбек Атамбаев, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен боло турган жолугушуулардын алкагында сөз кылмакчы.