БАУнун жайкы лагеринин тарбиячылары олуттуу салым кошууга даяр

Эгер Ысык-Көлдүн түндүк жээгине барсаңыз, көк түстөгү футболка кийген дүйнө жүзүнүн түрлүү өлкөлөрүнөн келген жигердүү жаштарды кездештирүүңүз мүмкүн. Алар Борбордук Азия Университетинин (БАУ) жайкы лагериндеги мектеп окуучуларын карашат. 
 
Бул беш кыз жана беш жигит БАУнун жайкы лагеринин тарбиячылар курамын түзөт. 20-29 жаштагы тарбиячылар Тажикистан, Кыргызстан, Австрия, Канада, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттарынан келген. 
 
Дүйнөнүн түрлүү өлкөлөрүнөн келген түрлүү жаш адамдардын Ысык-Көлдүн жээгинде чогулуу себеби эмнеде болду экен?
 
24 жаштагы Тажикистандык Фируза Умарова үчүн Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө салым кошуу ниети болду. «Мен бул жерде төрөлүп, өстүм. Мага сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү буюрган, ошондуктан өз жөндөм жана билимимди коомдун пайдасына колдонуу жоопкерчилигин сезем». 
 
«Билим өтө зор мааниге ээ, – деп улантат Фируза. – Мен лагердин катышуучулары, өз келечектери өз колдорунда экендигинен кабардар болсо дейм. Алар өз жашоосун өздөрү курушат. Өзгөчө кыздарга өз келечегине чектөө койбоо керектигин жеткиргим келет».
 
Көркөм өнөргө болгон сүйүүсү жана Ысык-Көлдүн кооз табиятынан көңүлү эргиген Фируза Умарова (Тажикистан) сүрөт альбому менен.
 
Фируза Тажик Улуттук Университетинин экономика факультетин бүтүрүп, өнүктүрүү тармагында эмгектенген. Ал регионалдык жана эл аралык студент алмашуу программаларына катышып, АКШда бир жыл окуган жана ошондой эле бир катар эл аралык жаштар конференцияларына катышкан. Жакшы көргөн окуу предмети – математика менен катар көркөм өнөр менен дагы кызыгат жана сүрөт тартууну үйрөнүүдө. 
 
БАУнун жайкы лагерин ачуу аземинде, Фируза Тажикистандын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Олим Рахимов мырза менен жолугуп, Тажикистандан келген лагерь катышуучуларына тааныштырды. Өзүнүн жайкы лагерлерде алган тажрыйбасын эстеп, Рахимов Фирузанын ой-пикирин бекемдеди: «Бул лагерге катышуунун максаты англис тили жана математика боюнча билим жогорулатуу менен гана чектелбестен, эл аралык баарлашуу жана регионалдык достукту бекемдөө болушу зарыл».
 
Тажикистан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Олим Разимов мырза БАУнун жайкы лагерин ачуу аземинде Тажикистандык катышуучу Сакина Махмудова менен маектешүүдө.
 
Жайкы лагердин тарбиячылар тобундагы Кыргызстандын өкүлү Айсулуу Кудайбердиева дагы регионалдык карым-катнаштарды бекемдөө пикирин колдоп, Фирузанын регионго салымын кошуу ниетин бөлүшөт. Лагерь катышуучуларына дагы ушундай принциптерди үйрөтүүнү ниеттенет: «Мен лагерь катышуучуларынын дүйнө жарандары болуусуна жана зор иш жасоосуна түрткү болууну каалайм. Айрыкча аларга өз өлколөрү менен коомдорун жакшы жакка өзгөртүүгө дем бергим келет».
 
Айсулуу Кудайбердиева (Кыргызстан) Ысык-Көлдүн жээгинде ыракат алууда.
 
Айсулуу 21 жашта, Бишкектеги Эл аралык «Ататүрк-Ала-Тоо» университетинин бизнес башкаруу факультетинин үчүнчү курсунун студенти. Ал беш тилде сүйлөйт, пикир таймаштардын тажрыйбалуу катышуучусу жана фехтование боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ошону менен бирге, балдар үчүн салтанаттарды уюштуруу боюнча менчик бизнестин ээси. «Мен үчүн «Жаккан ишиң менен алектен» сөзү жөн гана сөз эмес, жашоо мүнөзү», - деп бөлүштү Айсулуу. 
 
24 жаштагы Аласдэйр Андерсон Шотландиядагы Эдинбург университетин бүткөндөн кийин эле жаштар менен иштей баштаган. УЦА жөнүндө угаары менен жайкы лагерде кызмат өтөө үчүн Улуу Британиядан келген: «Мага БАУ тууралуу идея түрткү болду, бул лагерде катышканыма абдан кубагычтамын». 
 
Аласдэйр Андерсон өзүнө жаккан унаа түрү менен. БАУнун жайкы лагери аяктагандан кийин, Аласдэйр Улуу Британияга велосипедин тээп, кайтууну пландаштырууда!
 
Бул Аласдэйрдин Борбордук Азияга болгон биринчи сапары эмес. 2013 жана 2014-жылдары Европа Бирлиги алкагында Кыргызстанда англис тили боюнча сабак берген. Кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн качырбай келген Аласдэйр мындай дейт: «Борбордук Азия табияты абдан кооз, ал узак жайгашкан жана озгөчө. Жергиликтүү калктын жылуу мамилеси, чыдамдуулугу жана таза мүнөзү мага кайрат берет».
 
Аласдэйр өзүнүн окуучуларына дагы жакшы түрткү болууну ниет кылат. Таланттуу музыкант Аласдэйр сейилдөө, тоого чыгуу жана велосипед тебүү сыяктуу спорт жана жигердүү эс алуу менен дагы кызыгат. Айтмакчы, БАУнун жайкы лагери аяктаган соң, Аласдэйр Улуу Британияга… өзүнүн велосипедин тээп, кайтууну пландаштырууда! 
 
20 жаштагы Халид Кешавджи Канададан келген. БАУнун жайкы лагеринин жамаатынын мүчөсү болууну абдан каалаган: «Мен мектеп окуучулары менен иштеп, аларга билим жогорулатууда жардам бергим келет. Менин оюмча, лагерь – окуучуларга мектепте үйрөтпөгөн жөндөмдөрдү берүүнүн мыкты жолу. Ошону менен катар, ал мектеп окуучуларынын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн иш-чара».
 
Халид Кешавджи (Канада) эсте калаарлык элес сактап, Ысык-Көлдүн көркөм табияты менен суктанууда.
 
Халид Онтариодогу Куинс университетинде саясат жана глобалдык өнүгүү таанууну окуйт. Француз жазуучусу Андре Жиддин «Адамга көз алдынан жээкти жоготуу эрдиги жетишмейинче, ал жаңы океандарды ача албайт» деген сөзүнөн дем алат. Халид университетте глобалдык өнүгүүнү окуу менен гана чектелбестен, жакында Морокконун Рабат шаарында дагы бир жылдык окуусун бүтүрдү. 
 
Жайкы лагерге даярдануу алкагында, тарбиячылар ар тараптуу программа боюнча төрт күндүк окууга катышты. БАУ жана Борбордук Азиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат менен камсыздандырылып, «тарбиячылардын ролу», «жайкы лагердин маданияты», «лидерлик сапаттар жана биримдикти бекемдөө», «жетектөө стратегиясы» жана «лагерь катышуучуларынын арасында ишенимдүү мамиле куруу» сыяктуу маселе жана темаларды окушту. Ошондой эле, ыктымалдуу жагдайларды жана аларга болгон реакцияларды жана тобокелдерди башкаруу маселелерин дагы талкуулашты. 
 
БАУнун жайкы лагери Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Синегорье» эс алуу жайында 2015-жылдын 7-июлуна чейин өтөт. БАУнун жайкы билим берүү лагерине катышканы Таджикистандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын мектептеринин мыкты 76 10-класс окууучулар келген, аларга англис тили жана математика боюнча билимдерин жогорулатуу, жергиликтүү жана эл аралык жогорку окуу жайларына тапшыруу боюнча пайдалуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
 
Лагердин окутуу программасы сабактарды жана башка билим алуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыган жүгүртмөгө ылайык өткөрүлүүдө. Катышуучулар күн сайын түшко чейин англис тили жана математика сабактарын окуйт. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн университеттерге өтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында атайын сабактар  өтүп, пайдалуу маалымат сунушталат. Катышуучулар коюлган талаптарды аткарып, сунушталган мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдалануусу үчүн тарбиячылар мугалимдер менен тыгыз кызматташтык негизинде иштейт. Спорттук иш-чаралар, сахна оюндары, дебат жана экскурсиялар лагерь катышуучуларына англис тили боюнча жөндөм жана билимдерин практикада колдонуу, башка катышуучулар менен тажрыйбаа алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.
 
«Бул 10 тарбиячы БАУнун жайкы лагерине ар тараптуу жөндөм, талант жана энтузиазм алып келди. Алардын орток иши олуттуу пайда алып келээрине терең ишенишет, - деп билдирди жайкы лагердин мүдүрү Мырза Каримов. – Алардын бул идеяга бекем тургандыгын жана ынталуу кызматын карап туруп, алдыга койгон максаттарына жетишээрине ишенем».