Эл аралык жана регионалдык кызматташуу инновациялык окуу программасынын пайда болуусуна өбөлгө түзөт

Билим берүү тармагында эмгектенген эл аралык жана Борбордук Азиялык адистерди жөндөмдүү окуучулар үчүн окуу программасын иштеп чыгуу максатында бириктирүү кандай натыйжага алып келет?
 
«Майнаптуу эл аралык кызматташуу арбын натыйжага алып келет», - деди Насим Жаффер, математика жаатында окуу программаларын түзүү боюнча адис. Мунун далили, окутуу, окуу программаларын түзүү, мугалимдерди даярдоо жана АКШда ата-энеси жакыр студенттердин математика боюнча билимин жогорулатуу жаатында 30 жылдык тажрыйбага ээ Жаффер менен жаңыдан атайын окуусун бүткөн Тажикистандык Бунёд Тусматовдун ортосундагы кызматташтык болду. 
 
Алар, Жаффер Борбордук Азия Университетинин (БАУ) жайкы лагери үчүн түзгөн окуу программасын ылайыкташтуруу үстүндө бирге иш алып барышты. Жайкы лагерь азыр Кыргызстандагы Ысы-Көлдүн жээгинде, Тажикистан, Кыргызстан жана Казакстандык 76 10-класс мектеп окуучуларынын катышуусу менен өтүүдө. 
 
«Мен кимдир бирөөнүн математикага шыгы жок экендигине ишенбейм. Окуу программасын адамдардын билим алуу ыкмаларына ылайыкташтыруу зарыл, - деди Жаффер. – Тусматов мага Борбордук Азиядагы окутуу жана окуу программаларынын өзгөчөлүктөрүн түшундүрүп берди. Анын аркасы менен, иштелип чыккан программаны жайкы лагердин катышуучуларынын муктаждыктарына ылайыкташтырдык». 
 
Жаффер менен бирге иштөө – Тусматов үчүн жакшы тажрыйба болду. Эл аралык деңгээлде талап кылынган «ыктымалдык теориясы», «графиктерди түзүү» жана «сөздөрдүн бирдейлиги» сыяктуу темалар менен катар, Жаффер окуучулар математикалык түшүнүктөрдү күнүмдүк жагдайларда колдонуулары үчүн Борбордук Азия мектептеринде сейрек кездешкен интерактивдик сабактарды дагы окуу программасына киргизди. Деталдуу окутуу программасы боюнча окууну   камтыган Жафферден алган тажрыйбасы негизинде Тусматов инновациялык программа алкагында сабак берүүгө толук даярдык көрдү. 
 
Тажикистандык математика мугалими Бунёд Тусматов жайкы лагерь алкагындагы математика сабагында окуучулардын бирине жардам көрсөтүүдө.
 
Тусматов АКШдагы Ерлхам Колледжин бүтүрүп, экономика жана математика боюнча бакалавр даражасын алган, ошону менен бирге, ал Босния жана Герцеговинанын Мостар шаарындагы Бириккен эл аралык колледжде дагы окуган. АКШда финансы боюнча талдоочу жумушун аяктаган соң, Тусматов Тажикистанга кайтып келген. Азыркы учурда, ал Душанбеде RISK-Тажикистан долбоор жетекчисинин орун басары кызматын ээлейт жана Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештеринде SATка (академиялык жөндөм аныктоо экзамени) даярдоо боюнча сабак берет. 
 
Эмне себептен БАУнун жайкы лагеринде сабак бергиси келгендиги тууралуу сураганда, «Борбордук Азияда жашагандыктан, бул аймактын өнүгүүсүнө салым кошкум келет», - деп жооп берди Тусматов.  
 
Тусматовдун окуучуларга айтакан насааты: «Математиканы күн сайын практика жүзүндө кодонуу зарыл».
 
БАУнун жайкы лагери үчүн англис тили боюнча окуу программасы тажрыйбалуу Канадалык экинчи тил катары англис тили мугалими тарабынан түзүлгөн. Программа жөндөм жана окутуу процессиндеги жетишпестиктерди жоюуга багытталып, окуучулардын жазуу жана өз ой-пикирлерин билдирүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө басым жасайт. Борбордук Азия окуучуларынын англис тили боюнча билимдери бирдей эмес болгондуктан, сунушталган окуу программасы англис тили боюнча жөндөмдөрдү жогорулатууга багытталган бир катар материалдарды камтыйт жана билими жогорураак окуучуларга өз курдаштарына жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Англис тили Канадалык, АКШлык, Франциялык жана Тажикистандык төрт мугалимден турган эл аралык топ тарабынан окутулууда. 
 
Тажикистандык англис тили мугалими Виктория Иваненконун билим берүүгө болгон олуттуу мамилеси, «окуу, окуу жана окуу» ураанынан белгилүү. Иваненко Душанбедеги Тажик-Орус Славян Университетинин лингвистика факультетин бүтүргөн. Англис тилин 2004-жылдан бери окутуп келүүдө, алгачкы тапта – Тажик-Орус Славян Университетинде, андан соң – Ага Хандын «Адам таануу» долбоорунун алкагында, азыркы учурда – БАУнун Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде. Аталган БАУнун мектебинен, Иваненко бизнес-англис тилин, академиялык максаттар үчүн англис тилин, TOEFL жана күнүмдүк англис тилин окутуу боюнча сертификаттарды алган.  
 
Таджикистандык англис тили мугалими Виктория Иваненко грамматика боюнча сабак өткөрүүдө.
 
Иваненконун жайкы лагерь окуучуларына тиешелүү максаттары чоң: «Академиялык эсселерди жазуу, татаал тексттер менен иштөө жана жаңы сөздөрдү үйрөнүү боюнча өз тажрыйбам менен бөлүшүүнү алдыга милдет катары койдум. Айрыкча, англис тилин үйрөнүү шаңдуу  болуусу мүмкүн экендигин аларга жеткиргим келет».
 
Канадалык англис тили мугалими Тристан Кардвелл жайкы лагерь катышуучуларына өзүнүн эл аралык билим берүү жаатындагы тажрыйбасын сунуштайт. Макгилл Университетинин «эл аралык өнүгүү жана экология» факультетин бүтүргөндөн кийин, Кардвелл Танзаниядагы аялдардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн колдоо жаатында иш алып барган ишканада ыктыярчы катары кызмат өтөгөн, Тайванда англис тили оюнча сабак берген жана Жаңы Зеландияда дагы иштеген. Канадалык Me to We социалдык уюмунун саякат координатору катары, Никарагуа жана Эквадорго жергиликтүү элдерге куруу долбоорлорун ишке ашырууда жардам көрсөтүү үчүн барган студенттик топторду коштоп барган.  
 
Тайванда англис тилин экинчи тил катары окутуу учурунда сабак берүүгө болгон катуу умтулуусун аныктаган Кардвелл, жакында Сенка Колледжинин англис тилин экинчи тил катары окутуу боюнча программасын бүтүрдү. «Сабак берүүгө болгон умтулуум менен эл аралык өнүгүү боюнча кесибимди бирге алып баруу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтамын», - деди БАУнун жайкы лагеринин мугалимдик тобуна мүчө болгон Кардвелл.
 
Канадалык англис тили мугалими Тристан Кардвелл жайкы лагерь алкагындагы англис тили сабагында окуучуларга жардам көрсөтүүдө.
 
«Эл аралык жана Борбордук Азиянын тажрыйбалуу мугалимдеринин орток ишин камсыз кылуу менен, биздин жайкы лагердин катышуучуларына ар тараптуу жана интерактивдүү окуу программасын сунуштоо менен бирге жаш мугалимдердин жөндөмдөрүн жогорулатууга жол ача алдык», - деди БАУнун академиялык маселелер боюнча деканы Арифф Качра. 
 
БАУнун жайкы лагери 2015-жылдын 7 июлуна чейин өтөт. Лагердин окутуу программасы математика жана англис тили сабактарын жана университеттрге тапшырууга даярдануу, спорттук, эстетикалык-маданий иш чаралар, пикир таймаш жана экскурсиялар сыяктуу билим алуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт.
 

 
Билим  өздөштүрүүгө багытталган программа 
 
БАУнун жайкы лагеринин окуу праграммасын Борбордук Азия өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу максатында, эл аралык программа түзүү тобу бул региондун 30 мектеп окуучусу менен жолугуп, академиялык жөндөм жана көйгөйлөрдү баалашты. Окуучулар, келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн англис тили боюнча билимдерин жогорулатуу муктаждыгын билдиришти, ал эми алардын жазуу, окуган материалдарды өздөштүрүү жана өз ой-пикирлерин англис тилинде толугу менен түшүндүрүү жөндөмдөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү дагы табылды. Окуучулар математика боюнча жөндөмдүү болсо дагы, программа түзүүчүлөр аларга өз билимдерин күнүмдүк жашоодо колдонуу үчүн жөндөмдөрүн дагы да жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. 
 
Түзүлгөн окуу программасында негизги басым англис тилине жасалып, практика жүзүндөгү жөндөмдөргө өзгөчө көңүл бурулган. Англис тили боюнча окуу программасы «грамматика», «сөз байлыгы», «окуу стратегиясы» жана «дилбаян жазуу» темаларын камтыйт. Ал эми математика боюнча окуу программасы «алгебраны», «ыктымалдык теориясын», «графиктерди түзүүнү», «рационалдык жана тамыр туюнтмаларын» камтыйт. Ошону менен бирге кошумча иш чаралар дагы билим берүү максатында иштелип чыккан, мисалы, математика боюнча билимдерди («күч эсебин» жана «сокку бурчун») колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган спорттук иш чаралар, академиялык темадагы кино кечелери, көркөм-эстетикалык жана илимий иш-чаралар. Университеттерге тапшырууга даярдаган сабактар тиешелүү жөндөмдөрдү жогорулатууну жана пайдалуу материалдарды камтыйт. Экскурсия учурунда, катышуучуларга жаңы жерлер жана идеялар менен таанышуу, тажрыйба алмашуу жана өткөн материалдарды чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн берилет. 
 
«Тузүлүштүү жана түзүлүшсүз окутуунун айкалышы, алган билимдерди практика жүзүндө колдонууга жол ачат. Лагердин катышуучулары БАУнун баалуулуктары – окуучуларды тек гана жогорку деңгээлдеги билим менен камсыз кылбастан, аларды эмгек жолуна даярдоо, алган билимдерин практика жүзүндө колдонобилген адистерди окутуу экендигине күбөө болушту», - деди БАУнун академиялык маселелери боюнча деканы Арифф Качра. 
 

 
Программа боюнча окутуу лагердин тарбиячларынын жардамы менен 5 мугалимден турган топ тарабынан ишке ашырылууда. Лагердин жамаатынын мүчөлөрүнүн көбү жаңы университет бүтүрүүчүлөрү болсо дагы, алар устат катары иш алып баруу тажрыйбасына ээ. Жайкы лагердин миссиясы жана модели – урмат жана өнөктөштүккө негизделген мамиле.  Мугалимдер өз ишин бул миссияга ылайык аткарышат. Жайкы лагердин кызматчыларынын саны менен катышуучулардын саны 1:4 болгондуктан ар бир катышуучуга ылайык мамиле түзүүгө жол берет. 
 
«Биздин дагы бир баалуулуктарыбыздын бири – бул Борбордук Азияга карай багытыбыз, - деп билдирди Качра. – Жайкы лагерде Тажикистандык, Кыргызстандык жана Казакстандык мектеп окуучулар катышууда жана алардын чогуу жашап, окуп, ойноп, тамактанып жана жаңы нерселерди үйрөнүүсү үчүн сабактардын бардыгы ырааттуу түрдө өткөрүлөт. Мунун натыйжасы эн мыкты болду! БАУнун лагерине Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген мектеп окуучулар өзгөчөлүктөр эмес окшоштуктар жөнүндө кеп салышууда».