БАУ жайкы лагердин бүтүрүүчүлөрүн куттуктады

Бүгүн Борбордук Азия Университетинин (БАУ) жайкы лагери аяктады. Лагерди жабуу аземи Кыргызстандагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Синегорье» пансионатында өттү. 
 
Лагерди жабуу аземине Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева, Назарбаев Университетинин студеннтердин маселелери, эл аралы кызматташтык жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча вице-президенти Кадиша Даирова, Сенека колледжинин президенти Дэйвид Агнев жана БАУнин Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу жетекчиси Шамш Кассим-Лакха катышты. 
 
Summer Camp graduates receive certificates of participation from Mr Shamsh Kassim-Lakha, Executive Chairman of the UCA Board Executive Committee.
 
«Бул жерде баарынар англис тили жана математика боюнча билиминерди жогорулатууга умтулган мыкты окуучуларсынар. Кээбир окуучулар ыр жазуу денгээлине жетишиптир. Азаматсынар», - деди Борбукеева айым. 
 
Тажикистан, Кыргызстан жана Казакстандан келген 76 10-класс окуучулар регион боюнча 850 талапкердин арасынан конкурстун негизде тандалып алынган. Жабуу аземинде катышуучулардын бардыгына катышкандыгы тууралуу сертификат тапшырылды. Аземде негизги ролду лагерь катшуучулары ойноду: меймандардын назарына тажик бийин, кыргыз комуз күүсүн жана чакан оюн сунуштады. 
 
«БАУнин жайкы лагеринин ийгликтүү өтүүсү – келе жаткан жылы Нарын шаарындагы биринчи кампустун ачылышынын алдындагы маанилүү бир окуя. Бардык катышуучуларды куттуктайм жана билим алуу жолунда талыкпастан эмгектенгениңер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ошону менен катар, жайкы лагердин кызматчыларынын сапаттуу иши жана катышуучулардын алдыга койгон максаттарга жеткендери үчүн дагы ыраазычылыгымды билдирем», - деди Кассим-Лакха
 
«Университеттин ролу жалгыз гана билим беруу эмес, андан дагы жогору. Кесип жолуна даярданууда мааниси зор. Баарынармаданий жана саясий айырмачылыктарды жокко чыгарып, бул жайкы лагерге келдинер, - деди Кадиша Даирова айым. Мен Борбордук Азия Университетинин окуу программасын иштеп чыгуу боюнча кенешчи тобунун мучосу болгондугума кубанчытамын, сиздер учун эе мыкты программа иштеп чыгабыз деп ишенем». 
 
UCA Summer Camp participants and staff celebrate the successful conclusion of the UCA Summer Camp. Participants came from the three UCA host countries, Tajikistan, Kyrgyzstan and Kazakhstan and represent the beginning of UCA’s regional academic community.
 
Үч жумалык жайкы лагерь 17-июнда ачылып, катышуучуларга англис тили жана математика боюнча өз билимдерин жогорулатуу, жергииктүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча пайдалуу маалымат жана кеңеш алуу, англис тилин практика жүзүндө колдонуу, жаңы нерселерди үйрөнүү жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн спорттук жана маданий-көркөм иш чараларга, пикир таймаштарга, илимий жана маданий экскурсияларга катышуу сыяктуу уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады.
 
«Бул менин жашоомдогу эң жакшы жыйырма бир күн болду. Лагердин башталышында англис тилинде начар сүйлөчүмүн, азыр болсо бош сүйоп калдым, ошондой эле математика боюнча дагы билимимди жогорулата алдым. Тарбиячылар абдан шайыр адамдар экен, мен аларды сагынам. Мага кечки иш чаралар, сабактар жана бул жердин тамагы жакты. Борбордук Азия улуттарынын даамдуу тамактарын жедик. Нарындагы Борбордук Азия Университетинде окуганды абдан каалайм!”, - деди Бишкектен келген лагердин катышуучусу Асел Токторова. 
 
Жайкы лагерден кийин, БАУ скайп аркылуу окуучулар менен ар түрдүү өлкөлөрдөн насаатчылар ортосунда байланыш түзөт. Насаатчылар мектеп окуучуларына эл аралык деңгээлдеги университеттерге тапшыруу боюнча колдоо көрсөтөт.