Борбордук Азия Университети окуу программасын иштеп чыгуу боюнча Канаданын Сенека Колледжи менен маанилүү келишим түздү

2015-жылдын 7-июлунда Борбордук Азия Университети (БАУ) жана Канаданын Торонто шаарында жайгашкан Колдонмо искусстволору жана технологиялар боюнча Сенека Колледжи өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюшту. Меморандум боюнча БАУнин даярдоо курсу үчүн англис тили, математика жана табият таануу боюнча бир жылдык окуу программасы иштелип чыгат. Бул окуу программасы келе жаткан жылы Кыргызстандын Нарын шаарында ачыла турган кампусуна алгачкы студенттер тобу кабыл алынганда сунушталат. 
 
 
Келишимге БАУнин Кеңешинин Аткаруучу комитетинин аткаруучу жетекчиси Шамш Кассим-Лакха жана Сенека Колледжинин президенти Дэйвид Эгню БАУнин Бишкектеги административдик имаратында өткөн азем учурунда кол коюшту. Кол коюу аземине ошондй эле БАУнин генералдык мүдүрү жана жогорку мектебинин деканы Богдан Кравченко, академиялык маселелер боюнча БАУнин деканы Арифф Качра жана БАУнин кызматчылары менен буга чейин тыгыз иштешип жаткан Сенека Колледжинин профессор-окутуучулар курамы катышты.
 
«Бул өнөктөштүк – БАУнин даярдоо курсунун программасын иштеп чыгуу жана профессор-окутуучулар курамын түзүү багытындагы маанилүү кадам. Сенека Колледжи Борбордук Азия өлкөлөрундөгү мектеп бүтүрүүчүлөрдүн деңгээлин эл аралык 12 класстык деңгээлге жогорулатууга колдоо көрсөтөт. Бул БАУ өз программаларынын бийик эл аралык деңгээлге шайкештигин камсыздоо максатында пландаштырып жаткан дүйнөлүк жана регионалдык өнөктөштүкктөрдүн алгачкысы», - деди Кассим-Лакха. 
 
«Бул келишим Сенека Колледжинин дүйнөдөгү мыкты окуу жайлары менен байланыш түзүүгө умтулгандыгынын далили. Биз эн мыкты окуу программаларын иштеп чыгуу жана эл аралык деңгээлде кызматташуу идеясын карманабыз, ошондуктан ортобуздагы өнөктөштүк ийгиликтүү болооруна ишенебиз», - деп Эгню өз ыраазычылыгын билдирди. 
 
Келишимге ылайык, Сенека Колледжи Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын университеттерде окуу үчүн кошумча даярдыкка болгон муктаждыгын баалайт, англис тили, математика жана табият таануу боюнча бир жылдык окуу программасын иштеп чыгат, аны сынап көрөт жана талап кылынса модулдарды ыңгайлаштырат. Ошону менен катар, Сенека Колледжи БАУнин профессор-окутуучу курамынын жөндөмдөрүн жогорулатуу боюнча программа иштеп чыгат жана Борбордук Азияда жана Канадада окуу өткөрөт, аудиториялык баалоо жүргүзөт, онлайн жана видеоконференция байланышы аркылуу узак мөөнөттүк колдоо көрсөтөт. 
 
Даярдоо программасы – БАУнин студенттеринин эл аралык атаандаштыкка жармдуулугун камсыздоого, билим алуу жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган программа. Талаптарга жооп берген, 12 классты бүтүргөн окуучулар, тиешелүү даярдыгы далилденген учурда, бул программа боюнча окуудан бошотулат. 
 
Улуу Торонто аймагы боюнча бир катар кампустары болгон Сенека Колледжинин масштабы жана ар тараптуулугу студенттерге бир катар алдыңкы ишканалар менен болгон өнөктөштүк, заманбап компьютердик технологиялар, аудиториялар, такай жана сырттан окуу, жана үзгүлтүксүз окуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууну сунуштайт. Окутуу ийкемдүү жана жеткиликтүү болуусу зарыл, ошондуктан Сенека Колледжи аудиториялык лекцияларды, онлайн режиминде окутуу, колдонмо искусстволору, бизнес, финансылык кызматтар жана технология менен байланыштуу программалар алкагында практика жүзүндө билим алуу сыяктуу ар түрдүү окутуу ыкмаларын колдонот.
 
БАУ менен Сенека Колледжи ортосундагы өнөктөштүк Канаданын тышки иштер, эл аралык соода жана өнүгүү  министрлиги жана Канададагы Ага Хандын Фонду акрылуу көрсөтүлгөн Канада Өкмөтүнүн финансылык колдоосунун аркасы менен мүмкүн болду. 
 
Өнөктөштүк БАУнин Канада менен буга чейинки байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түздү. Канаданын тышкы иштер, эл аралык соода жана өнүгүү министрлиги жана Өнүгүү маселелери боюнча эл аралык изилдөө борбору БАУнун бир катар изилдөө жана окутуу боюнча демилгелерине колдоо көрсөтүүдө, мисалы, Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтун негиздөөдө аталган канаданын мекемелери колдоо көрсөткөн. Ошондой эле, Канаданын тышкы иштер, эл аралык соода жана өнүгүү министрлиги БАУ менен Британиялык Колумбия Университети, Карлтон Университети жана Алберта Университетинин ортосундагы кызматташууга дагы колдоо көрсөткөн.