ϴтүнүч арыз менен кайрылуу



ЖЕ
2019-2020-окуу жылында Борбордук Азия Университетинин бакалавриат программасына тапшыруу үчүн өтүнүч арыздын формасын жүктөп алыңыз. Өтүнүч арыздын формалары Борбордук Азия Университетинин Кыргызстандагы Нарын жана Тажикстандагы Хорог кампустары үчүн басыңыз.

Word формат
PDF формат


БАУга бүгүн кайрыл


Негизги даталар


Өтүнүч арыздын формасы жана коштомо документтер

БАУнун толтурулган өтүнүч арызынын формасын жана коштомо документтерди 2019 -жылдын 1-марты, саат 11:59 дан (6 + GMT) кечикпей БАУга жетүү үчүн тапшырыңыз.

Өтүнүч арызды толуктоо үчүн тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин төмөндөгүдөй документтерди беришиңиз керек:

  • 10-класс жана 11-класстын биринчи 2-чейреги боюнча баалар (Борбордук Азиянын тапшыруучулары үчүн), же 11-класс жана 12-класстын биринчи 2 чейрегиндеги баалар жөнүндө расмий баракчаны (эл аралык абитуренттер үчүн). Эгерде сиз учурда студент болсоңуз, университеттен окууга жетишүүсү тууралуу табелин тапшырууга тийишсиз.
  • Мамлекет тарабынан берилген фото ID нин так көчүрмөсү же паспорт.
  • Акыркы үч айдын ичинде тартылган фотосүрөтүңүз (3 см х 4 см).

Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандан келген академиялык деңгээли күчтүү студенттерге конкурстук негизде толук стипендиялар берилет. Ошондой эле БАУга кирүү сынактарын тапшыруудагы ийгиликтери, математика жана англис тили сабактарынан республикалык олимпиадаларда ээ болгон байгелүү орундары үчүн жетишкендиктери жана ЖРТ (Жалпы республикалык тестирлөө) боюнча алган алтын сертификаттары эсепке алынат. Тиешелүү сертификаттарды жана башка документтерди БАУнун студенттерди кабыл алуу боюнча офисине тапшыруу керек.


Сиз өтүнүч арызды үч жол менен бере аласыз:

ОНЛАЙН
  1. Өтүнүч арызды толтуруп, онлайн-режиминде жибериңиз
  2. Бардык коштомо документтерди электрондук дарекке жибериңиз: apply@ucentralasia.org

Ар бир кадам боюнча көрсөтмө
Көп берилүүчү суроолор
Э-ПОЧТА АРКЫЛУУ
  1. Өтүнүч арызды жана коштомо документерди жүктөп, басып чыгарып, толтуруп, сканерден өткөрүп, электрондук дарекке жибериңиз: apply@ucentralasia.org
  2. Электрондук каттын предмети "Өтүнүч арыз", андан кийин атыңыз болушу керек



ЖЕКЕ АЛЫП КЕЛҮҮ
  1. БАУнун Тажикстандагы, Кыргызстандагы жана Казакстандагы жайгашкан жерине тапшыруучу документтерди өзү алып келип тапшырса болот.
  2. Конверттин сыртына толук аты-жөнүңүздү, электрондук дарегиңизди жана телефон номериңизди жазыңыз.
  3. Өтүнүч арыздарды дүйшөмбү-жума күндөрү саат 9: 00-18: 00 го чейин тапшырса болот

2019-жылдын 1-марты, саат 11:59 (6 + GMT) кийин келип түшкөн өтүнүч арыздар үчүн БАУ жоопкерчиликти албайт.

Өтүнүч арыздын кагаз түрүндө көчүрмөсүн толтурган болсоңуз, документтердин пакетин тийиштүү мөөнөттө төмөнкү даректер боюнча тапшырсаңыз болот.



Документтердин кагаз түрүндөгү толук пакетин төмөндөгү даректердин бирөөсүнө тапшырсаңыз болот:


БАУнун өтүнүч арыздарды кабыл алуу бөлүмү
720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары
Токтогул көчөсү, 138

Борбордук Азия Университети, Нарын кампусу
Ленин көчөсү 310, Нарын шаары
722900, Кыргыз Республикасы

Борбордук Азия Университети, Хорог кампусу
Киматшо Иматшоева 155, Хорог шаары, ГБАО
736000, Тажикстан Республикасы

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби
734013, Тажикстан Республикасы
Душанбе шаары, Элдердин достугу проспектиси 47А

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби
736000, Тажикстан Республикасы
ГБАО, Хорог шаары, Ленин көчөсү, 126

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби
722900, Кыргыз Республикасы
Нарын шаары, Сейтаалы Жакыпова көчөсү, 19

Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби
041700, Казакстан Республикасы
Текели шаары, Гагарин көчөсү 13

 

Кабыл алуу тууралуу өтүнмөнүн текшерүү тизмеси

Онлайн, сканнерден өткөн же басып чыгарылган өтүнүч арыздын формасы
Мектептеги баалардын баракчасы
Мамлекеттик сүрөт ID көчүрмөсү же паспорт
Акыркы үч айдын ичинде тартылган 3x4cм өлчөмүндөгү сүрөт

Кандайча тапшыруу керек экендиги жөнүндөгү суроолор?

Биздин кабыл алуу комиссия менен байланышкыла: admissions@ucentralasia.org же тел/ WhatsApp +996 770 822 901 (Кыргызстан) / +992 93 999 99 64 (Тажикстан) / +7 777 822 3948 (Казакстан).

БАУнун кабыл алуу тести

2019-жылдын 24 -мартында I-этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер тест тапшырууга чакырылат. Өтүнүч арыздын номери, тестирлөө борборунун дареги, ошондой эле, БАУнун кабыл алуу тестинин убактысы көрсөтүлгөн электрондук кат жөнөтүлөт. Сынак сизге жиберилген жекече билдирүүдө көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт. Тест математика, англис тили жана логика предметтерин камтыйт.

Сураныч, сынак өтүүчү жерге төмөнкүлөрдү ала келиңиз:

  • Өтүнүч арыздын жеке номери/электрондук кат
  • Паспорттун түп нускасы же башка мамлекет тарабынан берилген сүрөт ID

Үлгү суроолорду жүктөө


Тестирлөө борборлору *

Афганистан: Шугнан | Кабул | Фамзабад
Казахстан: Алмата | Астана | Тараз | Текели
Кыргызстан: Бишкек | Каракол | Нарын | Ош
Пакистан: Карачи | Баграм | Герат | Исламабад
Сирия: Саламиех
Тажикистан: Душанбе | Хорог | Худжант | Кулоб

*Тестирлөө борборлору өзгөрүшү мүмкүн

Рекомендациялар жана каржылык колдоонун түрлөрү

Тапшыруу тестеринен салыштырмалуу жогору упайларды алып II -этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер 2019- жылдын апрелинде рекоммендацияларын жана каржылык жардам тууралуу арызды тапшырышы абзел. Бир рекомендация математика мугалиминен, экинчиси англис тили мугалиминен, эң жакшысы англис тилинде болгону оң. Математика мугалиминин рекомендациясы орус тилинде берилсе болот.

Студент кабыл алынгандан кийин каржылык көмөккө кепилдик берилет.
БАУнун стипендиялар, гранттар жана төлөмдөрү жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келсе…

Студентке багыт берүү болжол менен августун аягында башталат жана сабактардын биринчи күнү-сентябрда болот.