БАУга билим алууга онлайн системасынын тапшыруунун шарттары жөнүндө көп берилүүчү суроолор

ТЕЗ ШИЛТЕМЕЛЕР

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) онлайн кабыл алуу системасына кирүү үчүн кайсы браузерди колдонушум керек?

БАУнун онлайн кабыл алуу системасына кантип каттала алам (логин)?

Мен өтүнүч арызды онлайн толтуруу үчүн кандай кадамдарды жасашым керек?

Эгерде өтүнүч арыздын формасы жеткиликтүү болбосо же суроо бергим келсе ким менен байланышсам болот?

Мен биринчи жолу өтүнүч арыз менен кайрылып жатсам эмне кылышым керек?

Эгерде менин электрондук дарегим жок болсо, анда мен интернет аркылуу каттала аламбы?

Мен кантип сырсөздү түзө алам? Сырсөздөгү белгилердин санына чектөө барбы?

Мен онлайн каттоо ийгиликтүү өткөндүгүн кантип билем?

Мен онлайн арыз толтуруу учурунда ката кетирбөө үчүн этият боло турган нерселер барбы?

Мен кантип жеке маалымат баракчамды түзө алам? Мен мындан кийин эмне кылышым керек?

Мен SAT тестин жана SAT эссени тапшырган болсом же анын жыйынтыктарын жөнөткөн болсом, анда БАУнун кирүү сынагына тапшырсам болобу?

Эгерде мен SAT тестинин жыйынтыктарын тапшырган болсом, анда менен англис тили боюнча сынак тапшырышым керекпи?

Мен Кыргызстандын /Тажикстандын /Казакстандын /Өзбекстандын/Түркмөнстандын жаранымын, бирок мен азыр чет өлкөдө окуйм\жашайм. Мен БАУнун кирүү сынагын беришим керекпи жана кандай жолдор менен?

1 Борбордук Азия Университетинин (БАУ) онлайн кабыл алуу системасына кирүү үчүн кайсы браузерди колдонушум керек?
БАУнун өтүнүч арыздарды кабыл алуу боюнча онлайн системасы менен иштөөдө мыкты натыйжа үчүн биз Internet Explorer ди колдонууну сунуштайбыз. Ошондой эле Firefox же Google Chrome браузерлерин да пайдалансаңыз болот.


2 БАУнун онлайн кабыл алуу системасына кантип каттала алам (логин)?
Кирүү үчүн, http://www.ucentralasia.org/apply-online шилтемесин караңыз. БАУнун онлайн кабыл алуу системасынын баракчасына алып кирет.


3 Мен өтүнүч арызды онлайн толтуруу үчүн кандай кадамдарды жасашым керек?
Ар бир баракчадагы көрсөтмөлөрдү жана кеңештерди аткарыңыз . Бул зарыл болгон бардык маалыматтарды толтурууга жардам берет. онлайн толтурууга чейин, биринчи кабыл алуунун тийиштүү талаптарын карап чыгууну сунуштайбыз. Ал кадамдарды тез арада карап чыгуу үчүн бул шилтемеге кириңиз http://www.ucentralasia.org/Admissions/HowToApply/KR.


4 Эгерде өтүнүч арыздын формасы жеткиликтүү болбосо же суроо бергим келсе ким менен байланышсам болот?
Сиз онлайн кабыл алуу боюнча ар кандай суроолорду apply@ucentralasia.org дарегине электрондук кат менен жиберишиңиз керек.


5 Мен биринчи жолу өтүнүч арыз менен кайрылып жатсам эмне кылышым керек?
Сиз биринчи жолу системаны колдонуп жаткан болсоңуз, жаңы алгач «шилтемеси» аркылуу эсепти катталышыңыз керек. Сизден электрондук почта даректи жана сырсөздү көрсөтүүнү талап кылынат.


6 Эгерде менин электрондук дарегим жок болсо, анда мен интернет аркылуу каттала аламбы?
Жок, каттоо эсебин алуу үчүн, сизде электрондук почтанын идентификатору (ID) болуш керек. Сиз өтүнүч арызды онлайн толтуруу үчүн сөзсүз түрдө электрондук почтаны түзүшүңүз керек.

Жок, каттоо алуу үчүн, сизде электрондук даректин идентификатору (ID) болуш керек. Сиз өтүнүч арызды онлайн толтуруу үчүн сөзсүз түрдө электрондук даректи түзүшүңүз керек.

Эсиңизде болсун: электрондук дареги менен сырсөздү жазып алыңыз, анткени системага кирүү үчүн керек болот. Келечекте бардык каттар ушул электрондук дарекке жөнөтүлөт.

ЭСКЕРТҮҮ: Сиз кабыл алуу процессинде башынан аягына чейин колдоно турган электрондук дареги болушу керек, .( өтүнүч арызды онлайн толтуруу жана кабыл алуу учурунда сиздин арыздын абалы тууралуу маалымат алуу үчүн зарыл).


7 Мен кантип сырсөздү түзө алам? Сырсөздөгү белгилердин санына чектөө барбы?
Коопсуздук себептеринен улам сырсөз эң кеминде 7 белгиден туруш керек. Анын ичинде өзгөчө бир белги болушу керек (мисалы. $ #% @) жана бир сандык белги (1 2 3 4). Bishkek 12 @ мисал боло алат. Сиз сырсөздү эстен чыгарбашыңыз керек.


8 Мен онлайн каттоо ийгиликтүү өткөндүгүн кантип билем?
Сиз электрондук дареги менен каттоону ырастаган электрондук кат аласыз. Сураныч, эгерде кат бир нече сааттын ичинде келбесе, спам/ папканы текшериңиз. Эгерде анда да кат келбесе бизге apply@ucentralasia.org дарегине жазгыла.


9 Мен онлайн арыз толтуруу учурунда ката кетирбөө үчүн этият боло турган нерселер барбы?
Ооба., берилген көрсөтмөлөрдү жолдоого тийишсиз жана кылдаттык менен көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү окушуңуз керек. Кеңештер система өтүнүч арыздын беттерин толтуруп жатканыңызда берилип турат . Эгерде сиз аларды кылдаттык менен аткарсаңыз анда өтүнүч арызда каталар болбойт.


10 Мен кантип жеке маалымат баракчамды түзө алам? Мен мындан кийин эмне кылышым керек?
Бул кадамдарды аткарууңузду өтүнөбүз:

  1. Электрондук дарегиңизге жиберилген ырастоо катын ачыңыз; берилген шилтемени басып ; системага кирүү(логин) баракчасына кириниз ;
  2. Электрондук почтанын ID жана сырсөздү киргизиңиз; (сиз каттоо алуу үчүн киргизген электрондук почтанын ID жана сырсөзү;)
  3. Эгерде системага биринчи жолу кирип жатсаңыз, сиздин жеке жана азыркы байланыш маалыматтарыңыз ачылат.

11 Мен SAT тестин жана SAT эссени тапшырган болсом же анын жыйынтыктарын жөнөткөн болсом, анда БАУнун кирүү сынагына тапшырсам болобу?
Ооба, болот. Бирок бул учурда SAT баллдары эсепке алынбай калат.


12 Эгерде мен SAT тестинин жыйынтыктарын тапшырган болсом, анда менен англис тили боюнча сынак тапшырышым керекпи?
Жок.


13 Мен Кыргызстандын /Тажикстандын /Казакстандын /Өзбекстандын/Түркмөнстандын жаранымын, бирок мен азыр чет өлкөдө окуйм\жашайм. Мен БАУнун кирүү сынагын беришим керекпи жана кандай жолдор менен?
Ооба, бериш керек! Бирок ал үчүн Сиз тиешелүү кадамдарды өзүңүз аткарышыңыз керек , же альтернатива катары SAT тести менен SAT эссесинин жыйынтыктырын тапшырууга тийишсиз.