Кембридж университетинин Стипендиялык фонду жана Борбордук Азия Университети окутуучуларды даярдоо жөнүндө келишимдин мөөнөтүн узартышты

Date: 26 February 2020
«Таасирдүү университеттер стратегиялык өнөктөштүктө камтылган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш», - Кембридж университетинин вице-канцлери профессор Туп.

26-февралда Кембридждин Шериктештик, Европа өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн фонду (Кембридж университетинин Стипендиялык фонду) менен Борбордук Азия Университети (БАУ) Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү окутуучуларды даярдоону караган өнөктөштүк жөнүндө келишимди дагы үч жылга узартышты. Бул келишим 2017-жылы кол коюлган буга чейинки келишимдин уландысы болуп саналат жана БАУ менен Борбордук Азиянын кошуна региондорунун ийгилик жарата алган студенттерине Кембридж университетинде магистр же илимдин доктору даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет. 


Кембридж университетинин Стипендиялык фондунун Директору Хелен Пеннант жана БАУ ректору проф. д-р С. Сохаил Х. Накви Кембридж университетинин Стипендиялык фонду менен Борбордук Азия Университетинин ортосундагы өнөктөштүктү узартуу жөнүндө келишимдерди бири-бирине берүү учурунда.
Кол коюу аземи Лондондогу Ага Хан Борборунда өттү. Ага 150дөн ашуун конок, анын ичинде Ханбийке Зара Ага Хан, ошондой эле БАУ Камкорчулар Кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрү катышты. Кол коюу аземинин алдында Кембридж университетинин вице-канцлери профессор Стивен Туп чогулгандарга кайрылып сөз сүйлөдү. Анын сөзү «Жогорку билим алууну интернационалдаштыруу жана анын өнүгүүдөгү ролу» темасына арналды. Ал билимди эркин издөө деми жогорку билимдин өзөгүн түзүү менен жабык эшиктин артында гүлдөп-өнүгө албай тургандыгын жана кимдир-бирөө илимий сабактар менен географиялык райондордун ортосундагы чектен ашып өткөн учурда гана билимди өнүктүрүү жаатында алдыга чоң кадам шилтене тургандыгын белгиледи. 

«Анан, албетте, жогорку билимди интернационалдаштыруунун мыкты мисалы болуп Өнүгүү боюнча Ага Хан Уюмунун жана анын билим берүүчү бөлүмдөрүнүн Борбордук Азиядагы, Пакистандагы жана Чыгыш Африкадагы ишмердиги эсептелинет, – деп белгиледи Профессор Туп. – Планетанын алкагында таасири бар университеттер стратегиялык өнөктөштүктө камтылган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш.  Борбордук Азия Университетинин үч кампусун жайгаштыруу үчүн дал ушул тоолуу региондордун тандалып алынышы жана студенттерге сунушталган кең пейил каржылоо Университеттин ушул райондордун интеллектуалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткандыгын айгинелеп турат. Биздин университеттердин миссиясына жараша жана алардын жамааттарынын аракети менен биз азыркы дүйнөнү мыктылоого жардам бере ала турган билимди планетадагы ар башка мекемелерге караганда көбүрөөк жаратууга, тандап алууга жана өткөрүп берүүгө шартыбыз бар экендигин унутпашыбыз керек». 

Мындан соң БАУ ректору проф. д-р С. Сохаил Х. Накви БАУнун Борбордук Азиядагы дүйнөлүк класстагы билим берүү мекемеси катары калыптануу жолундагы жетишкендиктери, анын ичинде жүргүзгөң актуалдуу темалар боюнча изилдөөлөрү жана АКДН агенттиктери менен биргеликте региондун тоолук жамааттарынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча алпарган иштери жөнүндө сөз кылды.

«Борбордук Азия Университети бакалавриат студенттерине сапаттуу билим берүүнү сунуштоо жана Борбордук Азиядагы квалификациялуу окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүн камсыздоо боюнча милдеттенмени мойнуна алган, – деп белгиледи ал. – БАУ менен Кембридждин биргелешкен стипендиялары өз ара алмашуу үчүн уникалдуу аянтчанын болушун камсыздайт, ал эми бул келишимди узартуу менен биз региондун окутуучуларынын дараметин өнүктүрүүгө оң таасир берүүбүздү улантмакчыбыз». 

Иш-чара учурунда сүйлөгөн сөзүндө Кембридж Университетинин Стипендиялык фондунун директору Хелен Пеннант буларды белгиледи: «он жылга созулган ушул ийгиликтүү өнөктөштүктүн жыйынтыгы боюнча мен ушул баалуу кызматташтыкты чоң канааттануу менен узартуудамын. Ал Кембриджге келген Борбордук Азиядагы таланттуу студенттердин саны көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк берет». «Кембридж университетинин  Стипендиялык фонду Борбордук Азия Университети менен окутуучуларды даярдоо жана өздөрү алака түзгөн жамааттарды өнүктүрүү жаатындагы өнөктөштүгү менен сыймыктанат», - деп Кембридж университетинин  Стипендиялык фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу Барбара Стокинг кошумчалады. 

Стипендиялар БАУнун азыркы ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азия республикаларынын жарандарынын ичинен профессорлук-окутуучулук курамды даярдоо» (CAFDP) программасынын алкагында сунушталууда. Анын максаты – БАУ окутуучуларынын арасында жергиликтүү адистердин олуттуу үлүшүн камсыздоо болуп саналат. Талапкерлер БАУнун тандап алуу критерийлерине жана Кембридждин кабыл алуу критерийлерине шайкеш келиши керек. БАУ менен Кембридж университетинин Стипендиялык фондунун ортосундагы бул өнөктөштүк сапат стандарттарына жана БАУ менен Кембридж университетинин БАУнун болочок окутуучуларынын академиялык сапатын камсыздоо боюнча ниеттерине таянат. 


This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more