Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Борбордук Азия университетинин бүтүрүүчүлөрүнө карата куттуктоо сөзү

Date: 19 June 2021
Other languages: English |

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Ардактуу достор!

Сиздерди Борбордук Азия университетин эң алгачкылардан болуп аякташыңыздар менен куттуктайм!
Баарыңыздарга маалым болгондой, Борбордук Азия университети 2000-жылы Ага-Хан уюмунун өкүлчүлүгү тарабынан Борбор Азиянын үч мамлекетинде негизделген.

Максаты – эл аралык деңгээлдеги жогорку билим берүү, ошондой эле жергиликтүү жамааттарга жардам берүүгө жөндөмдүү болгон жана региондордун экономикасын өнүктүрүүгө иштиктүү салым кошо турган адистерди, лидерлерди даярдоо эле. 

Ошону менен бирге, Борбордук Азия университетинин миссиясы – региондун элдерине өздөрүнүн бай маданий мурасын сактоого, аны келечектеги өнүгүүсү үчүн ресурс катары колдонууга жардам көрсөтүү, Борбордук Азияны жана анын тоолуу региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө түрткү берүү.

Ушул максаттар үчүн курулган дүйнөлүк деңгээлдеги кампустар билим берүүнү гана эмес, ошондой эле окутуучулардын жана студенттердин ыңгайлуу шартта жашоосун да камсыздайт. Университеттин кампустары тогуз жолдун тоомунда, эң кооз жана тарыхый  жерде – Улуу Жибек жолу өткөн жерде жайгашкан.

Университеттин имараттарында заманбап класстык бөлмөлөр, китепкана, лабораториялар, ошондой эле университеттин окутуучулары жана кызматкерлери жашаган жайлар бар. 

Ар бир өлкөнүн келечеги анын акылдуу, билимдүү жаштарынан көз каранды. Жаш муунга өлкөнү келечекти көздөй жетектөө милдети жүктөлөт, ал үчүн алардан чыныгы патриоттуулук, сапаттуу билим, өлкөнү өнүктүрүү максаттарына шыктандырган жигер жана талыкпас эмгек талап кылынат.
Азыркы учурда ишти интеллектуалдаштыруу процесси жүрүп жатат. Глобалдык атаандаштыкта билимдүү коомдор гана туруштук бере алат.

Борбордук Азия университетинин бардык бүтүрүүчүлөрү келечекте элдин сыймыгы жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болот, Кыргызстанды өнүктүргөн жана даңктаган мекенчил инсандардан болот деп үмүттөнөм.

Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more